Бешбармактан боорсокко чейин: “Көчмөндөр даамы” сынагы өттү
Ош облусунун ордосунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында республикалык “Көчмөндөр даамы” улуттук тамак-аш сынагы өттү.
Сынакта ашпозчулар жана элдик ашкана чеберлери кыргыздын салттуу тамактарын тартуулашты. Дасторкондо бешбармак, куурдак, лагман, шорпо, боорсок жана улуттук суусундуктар орун алды.
Катышуучулар даярдаган тамактар атайын түзүлгөн калыстар комиссиясынын баасына сунушталды.
Уюштуруучулардын айтымында, сынактын максаты — көчмөн элдердин улуттук ашканасын сактоо, кыргыздын салттуу даамдарын дүйнөгө таанытуу жана чет өлкөлүк конокторго кыргыздын конокжайлыгын көрсөтүү.
Сынакка коюлган негизги салтанаттуу дасторконду Кара-Кулжа району даярдады.