«Beta Tea» Кыргызстанда өндүрүш ачууга кызыкдар экенин билдирди

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Коом 263

Бүгүн, 26-июнда, Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров Кыргыз Республикасындагы жана Казакстан Республикасындагы Beta Tea компаниясынын башкы директорлору Угур Ахмет Саит жана Жанполат Сафер менен жолугушту.

Жолугушууда тараптар Кыргызстандагы инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү жана кызматташуунун келечектүү багыттарын талкуулашты. Өзгөчө көңүл Ош жана Чүй облустарында инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине бурулду.

Талкуунун негизги темаларынын бири — чай өндүрүүчү фабриканы куруу долбоору болду. Тараптар долбоорду ишке ашырууга байланыштуу уюштуруучулук жана практикалык маселелерди, ошондой эле инвестициялык демилгелерди колдоо механизмдерин карашты.

Мындан тышкары, инвесторлор үчүн ылайыктуу жер тилкелерин тандоо, мамлекеттик органдар менен өз ара аракеттенүү жана долбоорлорду коштоо маселелери талкууланды.

Равшанбек Сабиров өндүрүш тармагындагы инвестицияларды тартуу аймактарды өнүктүрүүгө, жаңы жумуш орундарын түзүүгө жана өлкөнүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө чоң өбөлгө түзөрүн белгиледи.

«Биздин негизги милдет — инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү жана мамлекет менен инвесторлордун ортосундагы натыйжалуу кызматташууну камсыз кылуу. Жаңы өндүрүштөрдүн ири шаарлар менен катар аймактарда да өнүгүшү экономикалык өсүш үчүн маанилүү мүмкүнчүлүктөрдү түзөт», — деди ал.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар кызматташтыкты улантууга жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун конкреттүү багыттарын мындан ары талкуулоого кызыкдар экенин билдиришти.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X