Бийик максаттарды көздөгөн бизнес форум

5-август, 2026-ж. / Редакция / Экономика 183

Ушул аптада Бишкек шаарында Кыргызстандын президентинин алдындагы Инвестициялар боюнча улуттук агенттик менен Өзбекстандын тиешелүү мамлекеттик органдарынын биргелешкен уюштуруусунда кыргыз-өзбек бизнес форуму өттү.

Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын өкүлдөрү, өнүктүрүү институттары, каржы уюмдары, соода-өнөр жай палаталары, тармактык ассоциациялар жана бизнес коомчулугу катышты. Форумдун жүрүшүндө инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү, транспорттук-логистикалык инфраструктураны жакшыртуу, агроөнөр жай, фармацевтика, текстиль жана гидроэнергетика тармактарындагы биргелешкен долбоорлор талкууланды.
Ошондой эле B2B жана B2G форматындагы жолугушуулар уюштурулуп, алардын алкагында жаңы өнөктөштүктөрдү түзүү жана инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр өттү.  Возможно, это изображение один или несколько человек

КР Президентине караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшан Сабиров:
«ТОВАР ЖҮГҮРТҮҮНҮ 2 МЛРД ДОЛЛАРГА ЖЕТКИРҮҮ МАКСАТЫ КОЮЛГАН»

– Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы инвестициялык кызматташтык сапаттык жаңы деңгээлге көтөрүлдү. Бул бизнес форум ишкерлер үчүн түз байланыштарды түзүүгө, жаңы инвестициялык долбоорлорду баштоого жана өндүрүштүк кооперацияны кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берген маанилүү аянтча болуп саналат. Азыр Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы товар жүгүртүү 1,2 млрд АКШ долларынан ашты. Эки өлкөнүн президенттери бул көрсөткүчтү жакынкы келечекте 2 млрд долларга жеткирүү милдетин койгон. Бул максатка биргелешкен өндүрүштөрдү түзүү, өнөр жай кооперациясын күчөтүү жана үчүнчү өлкөлөрдүн рынокторуна биргелешип чыгуу аркылуу жетүүгө болот.

Өзбекстандын инвестициялар, өнөр жай жана соода министри Лазиз Кудратов:
“450ГӨ ЖАКЫН БИРГЕЛЕШКЕН ИШКАНА ИШТЕП ЖАТАТ”
– Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын капиталынын катышуусу менен эки өлкөдө 450гө жакын биргелешкен ишкана иштеп жатат. Өзбекстанда кыргыз капиталы катышкан 362 ишкана, ал эми Кыргызстанда өзбек капиталы менен 85 ишкана иш алып барууда. Айрыкча автоунаа куруу, текстиль, медицина жана агроөнөр жай тармактарында биргелешкен долбоорлор ийгиликтүү ишке ашырылып жатат. Алардын катарында Чүй облусундагы автоунаа өндүрүшү, Кара-Балта, Чүй жана Ош облустарындагы текстиль долбоорлору, ошондой эле Ош облусунда диагностикалык жана дарылоо борборун куруу жана Чүйдө медициналык продукция өндүрүү боюнча демилгелер бар.
Айыл чарба тармагында Анжиянда үрөн даярдоочу борбор түзүлүп, Нарын облусунда картошка өстүрүү боюнча пилоттук долбоор ишке ашырылган. Быйыл ноябрда Ысык-Көл облусунда картошканы өнөр жайлык негизде өстүрүү башталмакчы. Ошондой эле кыргыз компаниялары Өзбекстандын Сурхандарыя облусунда мал чарба комплексин курууга инвестиция салып жатышат. Мындан тышкары текстиль тармагын кызматташуунун эң келечектүү багыттарынын бири катары карап жатабыз. Өзбекстан бул тармактагы технологиясы жана тажрыйбасы менен бөлүшүүгө даяр.

Кыргыз-Өзбек өнүктүрүү фондунун Башкармалыгынын төрагасы Азиз Аалиев:
“4 ЖЫЛДА 100 МЛН ДОЛЛАРДАН АШКАН 37 ДОЛБООР БЕКИТИЛДИ”
– Төрт жыл ичинде экономиканын ар түрдүү тармактарындагы жалпы суммасы 100 млн доллардан ашкан 37 долбоорду бекитти. Каржыланган долбоорлор энергетика, транспорт, социалдык сектор, тигүү өнөр жайы, техника жана өндүрүш жабдууларын жеткирүү сыяктуу багыттарды камтыйт. Бүгүнкү күнгө чейин бекитилген долбоорлордун тогузу ийгиликтүү аяктап, компаниялар алган насыяларын толук кайтарышкан. Азыркы учурда фонд жалпы көлөмү дагы 100 млн долларга жакын болгон 11 жаңы долбоорду карап жатат.

 

Жазгүл Кенжетаева

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X