Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын маалыматтык саясат кызматы тарабынан ишке ашырылып жаткан «Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоору уланууда. Долбоордун алкагында алдыдагы жумада аткаруу бийлигинин бир катар жетекчилери журналисттер менен ачык форматта иш күндөрүн өткөрүшөт.
18-май, дүйшөмбү күнү Министрлер Кабинетинин Төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангельдиев долбоордун алкагында «Биринчи радионун» түз эфирине катышат. Ошондой эле Ынтымак Ордодо массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрү менен пресс-завтрак уюштурулуп, андан кийин журналисттер менен биргеликте Чүй облусуна иш сапар пландалууда. Мындан тышкары, ЖМК өкүлдөрү Президенттин Администрациясында өтө турган эки жумушчу кеңешмеге катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат.
19-май, шейшемби күнү экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков өзүнүн иш күнүн журналисттердин коштоосунда өткөрөт. Программада ЖМК өкүлдөрү менен бейформал жолугушуулар, жумушчу кеңешмелер, кызматтык жолугушуулар жана башка иш-чаралар каралган.
22-май, жума күнү Айбек Жунушалиев дагы «Ачык кабинет» долбооруна катышат. Бишкек шаарынын мэри борбор калааны өнүктүрүү багытындагы ишмердүүлүгү жана шаардагы актуалдуу маселелер боюнча маалымат берет.
«Ачык кабинет: жоопкерчилик аймагы» долбоору мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүнүн ачыктыгын жогорулатууга, ошондой эле коомчулукту аткаруу бийлигинин иши тууралуу кеңири маалымдоого багытталган.