"Эркин-Тоо"

Билим берүү министрлиги Ошто окуучу кыздар атырга ууланган эместигин билдирди

Ош шаарындагы №8 Горький атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланган эмес. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына таянып Билим берүү жана илим министрлиги билдирет.

Белгилей кетсек, күн мурун социалдык тармактарда аталган мектептин окуучулары атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар тараган.

Министрликтин билдирүүсүңө караганда, окуя 15-апрелде болгон.

«Танапис учурунда 6 “З” классынын 3 окуучусу атыр себинген. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен.

Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын ден соолугу туруктуу болгондуктан, үйлөрүнө ата-энелерине тапшырылган. Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган.

Окуучулардын абалы жакшы болгондуктан ата-энелер тарабынан мектепке даттануулар түшкөн эмес», — деп айтылат маалыматта.

Please wait while flipbook is loading. For more related info, FAQs and issues please refer to DearFlip WordPress Flipbook Plugin Help documentation.

Пример HTML-страницы
error: Content is protected !!