Билим берүү жана илим министрлиги «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 26

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынын берген маалыматына ылайык, министрлик Бүткүл дүйнөлүк китеп жана автордук укук күнүнө арналган «Балдарга окуп беребиз» акциясын баштады.
«Балдарга окуп беребиз» акциясынын максаты балдар арасында көркөм адабиятты даңазалоо жана анын жигердүү окулушун колдоо, ошондой эле Кыргыз Республикасынын жалпы билим берүү уюмдарынын окуучуларынын окуу көндүмдөрүн өнүктүрүү жана бышыктоо болуп саналат.
Бул акциянын алкагында 2021-жылдын 23-апрелинде Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев Бишкек шаарынын Көзү азиз жана начар көргөн балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатка барып, китеп окуу саатын өткөрүп, бир баладан экинчисине өтүп саякаттай турган балдар адабияты салынган баштыкчаны белек кылат.
USAIDдин «Окуу керемет!» долбоорунун колдоосу менен балдарга балдар адабияты салынган баштыкчалар жана 400гө жакын аталыштагы балдар адабияты тапшырылат.

23-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X