Бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарына тыюу салуу сунушталды

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 101

Бүгүн, 27-октябрда Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети бинардык опциондор түрүндөгү кумар оюндарын уюштурууга жана өткөрүүгө тыюу салууну караган мыйзам долбоорун экинчи окууда жактырды.

Мыйзам долбоорун Министрлер Кабинетинин Төрагасы демилгелеген. Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө кызматынын төрагасы Кайрат Маматовдун айтымында, документ онлайн лотереяларды, санариптик ойнотууларды жана бинардык опциондорду укуктук жөнгө салууга, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүүгө, алдамчылык тобокелдиктерин азайтууга жана жарандардын укуктарын коргоого багытталган.

Мындан тышкары, комитет «Баатыр эне» ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү боюнча Жогорку Кеңештин токтомун аткаруу мөөнөтүн 2027-жылдын 31-декабрына чейин узартуу маселесин колдоду.

27-октябрь, 2026-ж. / Редакция / Жогорку Кеңеш 101
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X