Биньямин Нетаньяху өкмөттүү куроо укугунан ажырады
Израилдин аракеттеги премьер-министри Биньямин Нетаьяхунун өкмөттүн курамын аныктоо мандаты 4-майдын түн жарымында аяктады. Ал парламенттик көпчүлүктүн колдоосуна ээ боло алган жок. Эми израилдак саясатчылардын кимиси бийлик коалициясын түзүүгө аракет кылат, аны жакын арада Израилдн президенти Реувен Ривлин аныктайт. Премьерлик кызматка ылайыктуу талапкер катары оппозиция лидери, “Йеш атид” ортомчул партиясынын башчысы Яир Лапиддин ысымы аталууда. Ошол эле учурда президент өкмөттү куроо мандатын оңчул “Ямина” партиясынын лидери Нафтали Беннетке бериши да ыктымалдыгы бар. Премьерликке талапкер Кнессеттеги 120 депутаттын 61инин колдоосуна ээ болушу кажет. Эске салсак, акыркы жылдары Израилде өкмөттук кризис токтоосуз уланууда.