БИРӨӨГӨ ЖАЛАА ЖАПСАҢ, АЙЫПКА ЖЫГЫЛАСЫҢ!

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 41

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары интернет порталдарында, социалдык баракчаларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыяланган жалаа, мазактоо материалдары үчүн айып салууга жол ачкан мыйзам долбоорун 19-декабрда үчүнчү окууда кабыл алды. Жыйындын жүрүшүндө документ боюнча бир да депутат суроо бербегени маалым болду. Эми ЖК тарабынан кабыл алынган мыйзам долбооруна КР Президенти кол койсо, анда мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды КР Ички иштер министрлиги кабыл алып, протокол түзүп, сотко жиберет. Эгер ал далилденсе жалган маалымат тараткан жеке тарапка 20 миң сом, андай маалыматты жарыялаган ЖМКларга, расмий катталган Интернет порталдарына 65 миң сом айып пул салынат.

Бул мыйзам долбоорунун баштапкы вариантында кайсы бир адамдын арызы боюнча айып пул салуу же салбоону КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги иликтеп, жыйынтык чыгара турганы жазылган эле. Ошондой эле жалган кабарларды, комментарийлерди жазган интернет колдонуучулар 100 миң сом, юридикалык жактар 200 миң сом айып пул төлөөгө милдеттендирилгени белгиленген. Мындай сунуш коомчулукта нааразылыкты жаратып, кийин айып пулдун өлчөмү азайтылып, арыздарды карай турган мамлекеттик орган да алмаштырылган. Мыйзамдын демилгечиси болгон КР Министрлер Кабинети буга чейинки биринчи, экинчи окууда мыйзам долбооруна бир катар өзгөртүүлөрдү киргизип, айыптын көлөмүн азайтып, мыйзамдын аткарылышына КР Ички иштер министрлиги жоопкер болорун билдирген.

Анда жалган маалымат тараткан жеке адамдарга салына турган айып пул 20 миң сомго, андай маалыматты чыгарган ЖМКларга, Интернет порталдарына айып 65 миң сомго төмөндөтүлгөн. Мазактоо жана жалаа жабуу боюнча арыздарды кабыл алуу укугу КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинен алынып, КР Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген.

Интернет порталдары жана жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу жалаа жабууга, мазактоого айып пул салган мыйзам долбоору Жогорку Кеңешке 2024-жылдын 23-октябрында сунушталгандан тартып эле коомчулук тарабынан катуу сынга кабылган. Көпчүлүк журналисттер, коомдук активисттер муну менен сөз эркиндигин ооздуктоого жол ачыларын айтып чыгышкан. ЖК сессиясында 5-декабрда документ экинчи окууда каралып жатканда бир нече депутаттар тарабынан сын-пикирлер айтылганы дайын. Депутаттар айып пулдун көлөмү төлөө мүмкүнчүлүгүнөн көп болуп жатканын, жазалоо укугу түшүнүксүз жагдайда мамлекеттик маданият тармагына берилип калганын сынга алышкан. Эми түзөтүүлөр менен кабыл алынган бул мыйзамга КР Президенти кол койсо, жалган маалымат тараткан тарапты КР Ички иштер министрлиги арыздын негизинде карап чыгып, өндүрүштүк сурак протоколун жүргүзүп, айыбы тастыкталса, айыптоо корутундусу менен аны сотко өткөрүп берет. Акыркы чечимди сот чыгарат.

Буга чейин Кыргыз Республикасынын ондон ашуун жалпыга маалымдоо каражаттары КР Жогорку Кеңешинин Төрагасы Нурланбек Шакиевге кайрылып, интернет порталдарында, социалдык баракчаларда, ЖМКда жарыяланган жалаа жана мазактоо материалдары үчүн жоопкерчилик киргизүүнү сунуштаган мыйзам долбоору боюнча парламенттик угуу өткөрүүнү суранышкан. Алар бул мыйзам эгер кабыл алынып калса, анда коомчулук үчүн эмес, коррупцияга малынган мамлекеттик бийлик өкүлдөрүн, мыйзамсыз бизнес менен алектенген адамдарды коргоо үчүн иштеши мүмкүн. Алардын кемчиликтерин айтып турган журналисттер, коомдук активисттер айта албай калат. Журналисттерди чектөө коррупциянын гүлдөшүнө алып келет. Коррупционерлер ушул мыйзамды колдонот, көмүскө мыйзам бузган аткаминерлер, бизнесмендер өздөрүн мыйзамга таянуу менен коргоого өтөт. Негизинен мамлекеттик укук коргоо органдарына журналисттер, активисттер, жөнөкөй жарандар көзгө урунган мыйзам бузууларды,  кемчиликтерди айтып жардам бергиси келет, деп тынчсызданганын билдиришкен.

Мыйзам долбоорунун демилгечилери соңку учурда интернет порталдарында, социалдык баракчаларда, жалпыга маалымдоо каражаттарында бирөөнүн аброюна шек келтирген учурлар көбөйгөнүн, мындай көрүнүш менен мыйзам чегинде күрөшүүгө муктаждык бар экенин белгилешкен. Мыйзам долбоору боюнча КР Президенти Садыр Жапаров да өз пикирин билдирип, Интернет айдыңындагы социалдык түйүндөрдө жалган маалымат көп тарап жатканын белгилеген. Биздин өлкөдө 2020-жылдан бери социалдык тармактарда өз пикирин билдирип, комментарий жазып же бөлүшкөнү үчүн мамлекеттик укук коргоо органдарына суракка чакырылып, кылмыш иши козголуп, жазага тартылган жарандардын саны 30дан ашканы маалым.

                                                                                                        Бахпурбек Аленов

 

 

20-декабрь, 2024-ж. / Редакция / Эркин Тоо гезити 41
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X