Бир айлык кирешеге канча кг уй этин сатып алууга болот?
2025-жылы Кыргызстанда бир адамдын орточо айлык акчалай кирешеси 18,1 килограмм уй этин сатып алууга жеткен. 2024-жылы бул көрсөткүч 20,8 килограмм болгон.
Улуттук статистика комитетинин «Кыргызстан цифраларда 2026» жыйнагындагы маалыматка ылайык, айрым азык-түлүктөр боюнча да сатып алуу жөндөмдүүлүгү төмөндөгөн.
Мисалы, бир айлык орточо кирешеге сатып алууга мүмкүн болгон картошканын көлөмү 370,8 килограммдан 240 килограммга, жаныбарлардын майы 18,7 килограммдан 15,8 килограммга, сүт 215,4 килограммдан 203,9 килограммга азайган.
Ал эми жумуртка боюнча көрсөткүч 933 даанадан 980 даанага, кант боюнча 137,2 килограммдан 150 килограммга чейин өскөн.