Бир күндө 10 өрт кырсыгы катталды
Кыргызстандын аймагында акыркы суткада 10 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 12 күжүрмөн эсеп тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында бир, Ош облусунда 3, Чүй облусунда 5 жана Жалал-Абад облусунда бир тилсиз жоо катталган.
Куткаруу кызматтары тарабынан бир чыгуу болду.