Бир күндө 720 миң накталай эмес төлөм. Бишкекте жаңы транспорттук система күчүнө кирди
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев №2 ДЕПОнун аймагында муниципалдык коомдук транспорттун айдоочулары менен жолугуп, жол кирени накталай эмес төлөө системасына өтүү маселесин талкуулады.
Мэр белгилегендей, жаңы төлөм системасы транспорттук тейлөөнүн сапатын жогорулатып, түшкөн каражаттардын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу менен бирге жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу шарттарды түзөт.
«Ушул жылдын апрель айынан тартып айдоочулардын эмгек акысы 33 пайызга жогорулатылды. Эми биздин жалпы милдетибиз — жаңы окуу жылы башталганга чейин жол кирени накталай эмес төлөө системасын толук ишке киргизүү. Кечээ эле 720 миңден ашуун жүргүнчү жол киресин накталай эмес ыкма менен төлөдү», — деди Айбек Джунушалиев.
Анын айтымында, накталай эмес төлөмдүн негизги артыкчылыгы — бардык түшкөн каражаттын ачык-айкын эсепке алынышында. Топтолгон киреше коомдук транспортту жаңылоого, тейлөөнү жакшыртууга, айдоочулардын эмгек акысын жогорулатууга жана транспорттук инфратүзүмдү өнүктүрүүгө багытталат.
Ошондой эле буга чейин колдонулуп келген айдоочулардын план менен иштөө системасы жоюлуп, эмгек шарттарын адилеттүү жана ачык-айкын уюштурууга шарт түзүлөрү белгиленди.
Жолугушууда шаар башчысы айдоочуларды жүргүнчүлөргө жаңы төлөм тартибин сылык түшүндүрүүгө, жол кыймылынын эрежелерин так сактоого жана ташуулардын коопсуздугун камсыз кылууга чакырды.
Жүргүнчүлөргө маалыматтык-түшүндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн Бишкек мэриясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жана муниципалдык ишканалардын кызматкерлери коомдук транспорт каттамдарына чыгып, жаңы төлөм тартиби боюнча кеңеш берип, суроолорго жооп берүүдө.
Эске салсак, Бишкек шаардык кеңешинин токтомуна ылайык, 1-июлдан тартып шаарда жол кирени төлөөнүн накталай эмес альтернативдүү системасына толук өтүү күчүнө кирди. Жүргүнчүлөр жол кирени «Тулпар» транспорттук картасы, Visa, Mastercard жана «Элкарт» банктык карталары, QR-коддор жана башка электрондук төлөм сервистери аркылуу төлөй алышат. Ошондой эле бир жолку электрондук билетти QR-код аркылуу сатып алуу мүмкүнчүлүгү да каралган.