Бир жумада 14 миң 887 жол эрежесин бузуу фактылары аныкталган

20-сентябрь, 2021-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 30

Акыркы жумада республикада 14 миң 887 жол эрежесин бузуу аныкталды. Бул тууралуу КР ИИМдин ЖКККББ басма сөз кызматы маалымдады.

Маалыматка ылайык:

-айдоочулар тарабынан ылдамдык чегинен ашып кеткендиги үчүн — 1993;

-тиешелүү документтерсиз унаа каражаттарын башкаргандыгы үчүн — 178;

— ТК эксплуатациялоонун эрежелерин бузуу – 4847;

— транспорт каражаттарын каттоо тартибин бузгандыгы үчүн – 213;

— жасалма мамлекеттик номерлер үчүн – 6;

— мамлекеттик номери жок – 13;

— ТК айдоочусу ыйгарым укуктуу органдардын кызматкерлеринин талаптарын аткарбагандыгы үчүн – 24;

— жасалма айдоочулук күбөлүк менен унаа айдаганы үчүн – 1;

— Автоээнбаштык – 4;

— жөө жүрүүчүнүн жол эрежелерин бузгандыгы үчүн – 79;

— ТК түзүлүшүнө  өзгөртүүлөрдү киргизүү – 127;

— Кооптуу жүкташуу эрежелерин бузуу – 4;

-жол белгилеринин талаптарын аткарбаганы үчүн – 6579;

-айнектери караңгылатылган унааны башкаргандыгы үчүн — 49;

-мас абалында транспорт каражатын башкаргандыгы үчүн – 173;

-унаа токтотуучу жайга коюлду – 689.

Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы,  жол кыймылынын бардык катышуучуларына кайрылуу жасады:

«Өзүңүзгө ишенүү, жол эрежелерин одоно бузуу көп учурда кайгылуу кесепеттерге алып келерин унутпаңыз. Бардык жол кыймылынын катышуучулары Жол кыймылынын эрежелеринин талаптарын билүүгө жана аткарууга милдеттүү жана жолдогу тартип ар бирибизден башталаарын унутпашыбыз керек».

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X