Бир жумада мас абалында унаа башкарган 83 айдоочу аныкталды

18-март, 2024-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 196

Кыргызстандын аймагында 11-марттан 17-мартка чейинки аралыкта 22 миң 563 жол эрежелерин бузуу фактысы аныкталган. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) басма сөз кызматы маалымдады.

Анын ичинде:

  • тийиштүү документтери жок автоунаа башкаруу – 224;
  • мас абалында унаа башкаруу – 83;
  • автоунаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу – 61;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эреже бузуулар – 873;
  • транспорт каражаттарынын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу – 3 234;
  • автоээнбаштык – 5;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу – 4 460;
  • жалган мамлекеттик номуру менен унаа башкаруу – 1;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары – 13 622;

Ошондой эле 992 автоунаа ар кандай жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу айып короосуна киргизилген.

18-март, 2024-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 196
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X