Бир жылда 19 миң тоннадан ашык балык өндүрүлдү
Айыл чарба министрлиги кабарлагандай, 2025-жылы Кыргызстанда 19 508,85 тонна балык өндүрүлдү. Бул көрсөткүч Балык өнөр жайы комплекси департаменти менен келишимдин негизинде иш алып барган балык чарба көлмөлөрүндөгү чарбалардын ишинин жыйынтыгында камсыздалган.
Аймактар боюнча эң жогорку өндүрүш көлөмү Чүй облусунда катталып, 12 844,8 тонна балык өндүрүлгөн. Андан кийин орундарды Жалал-Абад облусу — 2 845,6 тонна, Ысык-Көл облусу — 1 505,3 тонна, Нарын облусу — 1 373,2 тонна, Талас облусу — 533,45 тонна жана Ош облусу — 406,5 тонна көрсөткүч менен орун алды.
Өндүрүлгөн товардык балыктын басымдуу бөлүгүн кубулжума жилингир (радужная форель) түзүп, анын көлөмү 17 132,05 тоннага жетти. Ошондой эле 813,2 тонна карп (сазан) жана 1 563,6 тонна башка балык түрлөрү өндүрүлгөн.