«Бир жылда чогултканды азыр бир айда топтоп жатабыз»: Орунбеков акыркы айыптоолорго жооп берди

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147

Президенттин администрациясынын маалыматтык саясат кызматынын жетекчиси Дайырбек Орунбеков социалдык тармактарда президенттин үй-бүлөсү жана жакындары тууралуу айтылып жаткан акыркы айыптоолорго жооп берди.

Ал социалдык тармактарда Сыргак Кенжебаев аттуу жарандын видео кайрылуусу талкууланып жатканын айтып, анда келтирилген маалыматтар чындыкка дал келбей турганын белгиледи.

Орунбековдун айтымында, 2020-жылга чейин Бажы тармагынан жылына болжол менен 20 млрд сомго жакын каражат чогулса, азыр бул көрсөткүч бир айда эле камсыздалууда. 2021-жылдан тарта бажы кирешеси кескин өсүп, 2026-жылга 161,5 млрд сомдук план коюлган.

Ал белгилегендей, ай сайын бажы төлөмдөрү белгиленген пландан ашыгы менен аткарылып жатат. Орунбеков бул көрсөткүчтөрдү тармакта жүргүзүлгөн реформалардын натыйжасы катары баалады.

10-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 147
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X