Биримдиги бекем эки өлкө- Кыргызстан менен Өзбекстан
Баамыбызда, Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы мамиле акыркы жылдары жаңы сапаттык деңгээлге чыгып, саясий диалог экономикалык жана инвестициялык кызматташтык менен бекемделүүдө. Аз күн мурда Чолпон-Ата шаарында өткөн жогорку деңгээлдеги жолугушуулар жана өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиянын 12-жыйыны эки өлкөнүн кызматташтыгы декларативдүү эмес, конкреттүү долбоорлор жана натыйжалуу өнөктөштүк аркылуу өнүгүп жатканын дагы бир жолу тастыктады окшойт.
Президент Садыр Жапаров менен Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун жолугушуусунда жетишилген макулдашууларды ишке ашырууга өзгөчө басым жасалышы, эки мамлекеттин өз ара ишенимине жана узак мөөнөттүү стратегиялык максаттарына негизделген кызматташтыкты көрсөттү.
Экономикалык байланыштардын жаңы динамикасы
Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы соода жүгүртүүсү эки эсеге өсүп, ал 2025-жылдын жыйынтыгында 1 миллиард доллардан ашып (1,3 млрд), бул көрсөткүч эки өлкөнүн экономикалык алакасы туруктуу өсүү жолуна түшкөнүн, ишкерлеринин ортосундагы ишенимдин күчөгөнүн жана Кыргызстандагы инвестициялык чөйрөнүн жагымдуулугунун жогорулап жатканын таасын айгинелейт. Эсиңерде болсо, 2020-жылы эки өлкө ортосундагы инвестициялардын көлөмү 25 миллион долларга жакын гана болгон.
Эми болсо эки өлкө мындай карым-катнашты дагы кеңейтип, 2030-жылга чейин өз ара товар жүгүртүүнү 2 миллиард долларга жеткирүүнү максат кылары белгилүү болду. Бул үчүн өнөр жай кооперациясын кеңейтүү, агроөнөр жай тармагында биргелешкен программаларды ишке ашыруу, индустриалдык парктарды жана логистикалык борборлорду түзүү сыяктуу маанилүү демилгелер мына ушул жолугушууларда сунушталды. Мындай кадамдар эки өлкөнүн экономикасын өз ара толуктап, жаңы өндүрүштөрдү жана жумуш орундарын түзүүгө дагы өбөлгө болот.
Өзбекстандын Кыргызстан экономикасына салган түз инвестицияларынын көлөмү жылдан-жылга өсүп жатканы, жакын туугандык мамиленин бийик деңгээлде экендиги менен бирге, өз ара ишенимдин чыңдалганын да көрсөтөт. Ошол эле учурда Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фонду аркылуу транспорт, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, энергетика жана туризм тармактарындагы долбоорлор каржыланып, реалдуу жыйынтыктарды берүүдө.
Мындан тышкары, эки өлкө үчүн стратегиялык мааниге ээ болгон, XI кылымдын Жибек Жолу аталган «Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан» темир жолу баштаган жана «Камбар-Ата-1» ГЭСи сыяктуу ири долбоорлор аймактык экономикалык интеграцияны жаңы деңгээлге чыгара турган негизги факторлордун бири катары каралууда.
Өнүктүрүү фонду жана аймактык интеграция
Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташтык соода жүгүртүүнүн өсүшү менен гана чектелбестен, инвестициялык жана инфраструктуралык долбоорлор аркылуу да жаңы деңгээлге көтөрүлүүдө. Бул багытта Өзбек–Кыргыз өнүктүрүү фондунун ролу өзгөчө мааниге ээ. Фонд кайра иштетүү өнөр жайы, транспорт, энергетика, тигүү, инфраструктура жана туризм сыяктуу экономиканын артыкчылыктуу тармактарындагы долбоорлорду каржылап, эки өлкөнүн экономикалык байланышын бекемдөөгө реалдуу салым кошуп келет.
Фонддун ишинин натыйжалуулугу конкреттүү долбоорлор аркылуу көрүнүүдө. Маселен, анын колдоосу менен Баткен облусунун Кызыл-Кыя шаарына заманбап автобустар алынып, коомдук транспорт жаңыланып гана тим болбостон, жаңы жумуш орундарын түзүүгө мүмкүнчүлүк жаралды. Мындай долбоорлор инвестициялык кызматташтык элдин жашоо сапатын жакшыртууга жана аймактардын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө түздөн-түз таасир берип жатканын айгинелейт. Ошол эле учурда кыргыз-өзбек өнөктөштүгү эки мамлекеттин алкагынан чыгып, Борбор Азиядагы интеграциялык процесстердин маанилүү бөлүгүнө айланууда. Транспорттук коридорлордун өнүгүшү, логистикалык байланыштардын чыңдалышы жана чек арадагы кызматташтыктын кеңейиши аймактын транзиттик мүмкүнчүлүгүн кыйла жогорулатып жатат. Бул өз кезегинде Борбор Азияны эл аралык соода жана жүк ташуу багытындагы маанилүү борборлордун бирине айландырууга, жаңы инвестицияларды тартууга жана экспорттук мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө бекем негиз түзүүдө.
Демек, инвестициялык долбоорлор менен аймактык интеграциянын айкалышы кыргыз-өзбек кызматташтыгын жаңы сапаттык баскычка чыгарып бара жатат.
Туризм — достукту бекемдеген жаңы багыт
Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгында туризм эң ыкчам өнүгүп жаткан тармактардын бирине айланды. Эки өлкө биргелешкен туристтик маршруттарды түзүү демилгесин көтөрүп, туристтерге бир сапардын алкагында бир нече өлкөнүн тарыхый жана маданий жайларын көрүүгө мүмкүнчүлүк түзүүнү көздөөдө. Бул демилге аймактык туризмди өнүктүрүүгө жана Борбор Азиянын туристтик потенциалын биргелешип илгерилетүүгө багытталган. Өзбекстандын Кыргызстан менен биргелешкен турларды уюштурууга даяр экенин билдириши, ошондой эле кыргыз жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүнүн 60 күнгө узартылып берилген учурлары эки мамлекеттин туристтери үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө умтулуп жатканын көрсөтөт.
Мунун натыйжасы статистикада дагы даана байкалууда. 2026-жылдын алгачкы эки айында эле Өзбекстанга 521 миңден ашуун кыргызстандык барып, Кыргызстан коңшу өлкөгө эң көп турист жөнөткөн мамлекетке айланды. Ал эми Кыргызстанга келген өзбекстандык туристтердин саны да миллиондогон көрсөткүчкө жетип, эки тараптуу туристтик агым туруктуу өсүүдө. Алдыдагы жогорку деңгээлдеги мамлекеттик сапарлар жана чек ара өткөрмө бекеттерин кеңейтүү боюнча демилгелер да туризм менен эл аралык байланыштарды мындан ары жандандырып, кыргыз-өзбек достугун жана экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге көтөрүүгө кызмат кылары турган иш.
Күнболот Момоконов