«Биримдик Кутта» мектеп автобустары көбөйтүлдү
Бишкектин «Биримдик Кут» конушунда мектеп окуучуларын ташыган автобустардын саны көбөйтүлдү.
Бишкек шаардык мэриясынын маалыматына караганда, 2025-жылдан бери окуучуларды эки мектеп автобусу тейлеп келген. Эми каттамга дагы бир автобус кошулуп, алардын жалпы саны үчкө жетти.
Мындан тышкары, конуштагы жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу үчүн кошумча светофордук объектилерди орнотуу пландалууда.
Шаар бийлиги келечекте транспорттук жеткиликтүүлүктү жакшыртуу максатында жаңы автобус каттамын ишке киргизүүнү да карап жатат. Жаңы каттам «Биримдик Куттун» жашоочулары үчүн коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн кеңейтүүгө багытталат.
Учурда конушта №177 кичи автобус каттамы иштейт.