Биринчи айым Айгүл Асанбаева «Жашыл мектеп» акциясын баштайт

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 26

Билим берүү жана илим министрлигинин жана биринчи айым Айгүл Асанбаеванын демилгеси менен 2021-жылы «Мектеп — менин жашыл үйүм» акциясы башталат. Аталган акция мектептерди оңдоо, жашылдандыруу, көрктөндүрүү, айлана-чөйрөнү жакшыртууну максат кылат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев 2021-2023-жылдарга карата программасын тааныштыруу учурунда билдирди.
Министрдин айтымында, акциянын жыйынтыгы менен мектеп окуучулары арасынан жеңүүчүлөр аныкталып, биринчи 3 орунду ээлегендер чет өлкөгө саякаттоого барышат.

13-апрель, 2021-ж. / Редакция / Билим 26
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X