Биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун Төрагасы Медербек Сатыевдин катышуусунда жергиликтүү сотторго биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалган судьялар ант беришти.

Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыктарына ылайык, жергиликтүү соттордун судьялары биринчи жолу беш жылдык мөөнөткө дайындалып, кызматтык ыйгарым укуктарын аткарууга киришишти.

Баткен облусу

Баткен райондук соту:

Букаев Кубанычбек Осконбекович

Зарипов Адилет Махаматович

Жалал-Абад облусу

Сузак райондук соту:

Асанакунова Назира Кудайбердиевна

Ош облусу

Араван райондук соту:

Жылдыз кызы Меерим

Кара-Суу райондук соту:

Абдылдаев Тилек Токторович

Омуров Айбек Бактыбекович

Өзгөн райондук соту:

Абдыкалыкова Гульзира Расуловна

Шаршеев Эрмек Муслимович (курагынын чегине жеткенге чейин)

Талас облусу

Талас облусунун административдик соту:

Кылычов Сыргак Сарыпбекович

Иш-чаранын жүрүшүндө Жогорку соттун Төрагасы Медербек Сатыев жаңы дайындалган судьяларды куттуктап, аларды берген антына бек турууга жана адилет сот жүргүзүүгө чакырды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын «Кыргыз Республикасынын судьяларынын статусу жөнүндө» конституциялык мыйзамына ылайык, судьялардын ыйгарым укуктары алар ант берген учурдан тартып күчүнө кирет.

29-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 175
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X