Бишкек: Ак-Босогодо убактылуу суу өчүрүлөт
Үстүбүздөгү жылдын 24-февралында Ак-Босогодо “Ак-Босого-1” суу топтомосунда жүргүзүлө турган оңдоо иштерине байланыштуу ичүүчү суу убактылуу өчүрүлөт. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясы билдирди.
Маалыматка ылайык, саат 09:00дөн 18:00гө чейин конуштагы турак үйлөргө, мектептерге, бала бакчаларга, саламаттык сактоо мекемелерине жана башка социалдык-өнөр жай объектилерине суу берилбейт.