«Бишкек Арена» качан расмий ачылары айтылды

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 162

«Бишкек Арена» стадиону расмий түрдө 5-октябрда ачылат. Бул тууралуу Президенттин Иш башкармалыгы билдирди.

Бирок жаңы стадиондо алгачкы ири иш-чара 31-августта өтөт. Бул күнү аренада VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземи уюштурулат.

Аземге ШКУ саммитине катышуу үчүн Бишкекке келген бир катар өлкө башчылары да катышат.

Ошентип, 31-августтагы иш-чара стадиондун алгачкы ири иш-чарасы болсо, анын расмий ачылыш аземи 5-октябрга белгиленди.

13-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 162
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X