«Бишкек Аренага» эмне алып кирүүгө болбойт?
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине бара турган көрүүчүлөргө маанилүү эскертүү. Иш-чара өтө турган «Бишкек Аренада» коопсуздукту камсыз кылуу максатында стадионго алып кирүүгө тыюу салынган буюмдардын тизмеси бекитилди.
ИИМдин маалыматына караганда, көрүүчүлөр стадионго тамеки, IQOS, насвай, сагыз, сырттан алып келинген тамак-аш жана суусундуктарды алып кире алышпайт.
Мындан тышкары, айнек бөтөлкө, банка жана сынуучу же катуу идиштерге, ошондой эле көлөмдүү рюкзак, сумка жана чемодандарга тыюу салынат.
Коопсуздук талаптарына ылайык, курал-жарак, сайгыч-кесүүчү буюмдар, пиротехника, аэрозолдор, газ баллондору жана адамдын өмүрүнө же ден соолугуна коркунуч жаратышы мүмкүн болгон башка буюмдар да стадионго киргизилбейт.
Ал эми алдын ала уруксат берилбеген кесиптик видеокамералар, дрондор, радиостанциялар жана жогорку жыштыктагы байланыш жабдуулары атайын көзөмөлгө алынат.
Көрүүчүлөргө музыкалык аспаптарды, ышкырыктарды, мегафондорду жана катуу үн чыгаруучу башка каражаттарды алып кирүүгө да уруксат берилбейт.
Кире бериште текшерүү болот
Тыюу салынган буюмдар стадиондун кире беришинде текшерүү учурунда аныкталат жана аларды ичкери алып кирүүгө жол берилбейт.
ИИМ жарандарды иш-чарага өз убагында келүүгө, текшерүүдөн өтүүдө кызматкерлердин мыйзамдуу талаптарын аткарууга жана коомдук тартипти сактоого чакырды.
Жол кыймылына да чектөө киргизилет
Ачылыш аземине байланыштуу Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилет. Айрым учурда транспорт каражаттарынын кыймылы убактылуу толугу менен жабылышы мүмкүн.
ИИМ жол тыгындарынын алдын алуу үчүн айдоочуларга каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүнчүлүк болсо сапарларын убактылуу кийинкиге жылдырууну сунуштады.
Кыскасы: «Бишкек Аренага» бара жатсаңыз, керексиз буюмдарды үйдө калтырып, стадионго эртерээк барганыңыз оң.