Бишкек – Балыкчы поезд каттамы 1-сентябрда токтойт

30-август, 2023-ж. / Жаңыл Дүйшөкеева / Коом 23

Бишкектен Балыкчыга жүргүнчүлөрдү ташыган № 608/609 поезд каттамы 1-сентябрдан баштап токтойт. Бул тууралуу «Кыргыз темир жолу» мамлекеттик ишканасынан билдиришти.

Белгилей кетсек, Бишкек – Балыкчы жүргүнчү поезди жыл сайын жайкы туристтик мезгилде жүрөт, тактап айтканда, июнь айынан 31-августка чейин каттам иштейт.

Аталган каттам 2024-жылдын жай мезгилинде кайрадан жанданат.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X