Бишкек, Чүй жана Ысык-Көлдө жолдор убактылуу жабылат

14-август, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 105

29-августтан 6-сентябрга чейин Бишкек шаары, Чүй жана Ысык-Көл облустарында мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу айрым жол тилкелеринде унаа кыймылына убактылуу чектөө киргизилет.

Ушул күндөрү милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп, коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыздайт.

ИИМ айдоочуларды жол тыгындарына кабылбоо үчүн каттамдарын алдын ала пландап, мүмкүн болсо сапарларын убактылуу кийинкиге жылдырууга чакырды.

Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салган милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так аткаруу өтүнүлөт.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X