Бишкек – дипломатиялык жана маданий аянтча

10-сентябрь, 2026-ж. / Редакция / Аналитика 130

Бишкек шаарында өткөн Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммити дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын көңүлүнүн борборундагы темага айланды. ШКУга мүчө мамлекеттердин лидерлери, Бирикке Улуттар уюмунун башкы катчысы Антониу Гуттериш жана башка КМШ, ЖККУ, ЕврАзЭС уюмдарынын башчылары катышкан ири жыйынды кыргызстандык жана чет өлкөлүк 800дөн ашык журналист чагылдырып, дүйнө коомчулугуна маалымдап турушту. Алардын айрымдарынын пикирине назар салалы.ң

Дүйнөдөгү ири маалымат агенттиктердин бири болуп эсептелген британдык Reuters саммиттин ачылышын дүйнөлүк көчмөндөр оюну менен байланыштырып, Кыргызстанды бир эле учурдагы дипломатиялык жана маданий аянтча катары көрсөттү. Ал эми Associated Press агенттиги Кытай, Россия, Индия жана башка ШКУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусун Батышка эл аралык таасирдин альтернативалуу борбору катары сыпаттады.

Euronews (сүрөттө) Бишкекте чогулган “глобалдык жана өнүгүп келе жаткан державалардын” лидерлери согуштун жана туруксуздуктун шартында жаңы саясий жана экономикалык байланыштарды издеп жатканы тууралуу жазды. Басылма Кыргызстандын борборун Кытай, Россия, Индия, Иран, Түркия, Борбор Азия өлкөлөрү, Глобалдык түштүктүн кызыкчылыктары кесилишкен жер катары карайт.

Al Jazeera Бишкек саммитин көп уюлдуу дүйнө, соода, Россия-Кытай мамилелери жана Ирандын ШКУ платформасын өнөктөштөрү менен түз диалог үчүн колдонуу аракети темалары аркылуу чагылдырды. Немистердин Deutsche Welle агенттиги АКШнын кысымынан улам саммиттин алкагында Россия-Индия алакаларын талкууласа, Berliner Zeitung гезити “Шанхай Кызматташтык Уюмунун Бишкекте өткөн саммити Батыш өлкөлөрүнө дүйнөнүн көп уюлдуулугу тууралуу ачык белги берди, деп жазды.
Дүйнөлүк маалымат каражаттары Россия-Кытай, Россия-Индия, Индия-Иран жана башка Борбор Азиядан да алыскы мааниге ээ болгон сүйлөшүүлөрдү жазышты.
Кытайдын «Синьхуа» маалымат агенттиги Си Цзиньпиндин мамлекеттик сапары, аны тосуп алуу аземи жана кыргыз-кытай мамилелери тууралуу кеңири маалымат берип, эки өлкөнүн кызматташтыгынын азыркы этабын «алтын мезгил» катары баалады.

Индиянын NDTV телеканалы Индия, Россия, Кытай жана Иран Кыргызстанда “бир чатырдын астында” деген тема коюп, Бишкек саммитинин маанисин согуштар, соода талаштары жана бир катар эки тараптуу сүйлөшүүлөр менен байланыштырды.

TRT World жана Anadolu агенттиги Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдогандын катышуусу, ШКУнун 25 жылдыгы жана уюмдун Евразиядагы ролунун өсүп жатканына басым жасады. Түркиянын маалымат каражаттары Эрдогандын Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылышына катышуусун чагылдырып, саммитти түрк мамлекеттеринин маданий дипломатиясын жана өз ара аракетин өзгөчө белгиледи.

Россиянын ТАСС маалымат агенттиги Владимир Путиндин Бишкекке болгон иш сапарынын күн тартибин жана көптөгөн эки тараптуу жолугушууларды кеңири чагылдырса, Пакистандын Dawn гезити Президент Шахбаз Шарифтин ШКУнун саммитинде суу коопсуздугу, БУУнун реформасы жана аймактык туруктуулукка байланыштуу сөзүнө басым жасады.

Ирандын “Tehran Times” гезити (сүрөттө) бул саммитти долларсыздандырууну, экономикалык интеграцияны алга жылдыруу жана бир тараптуу кысымга каршы туруу мүмкүнчүлүгү катары баалады. Беларустун БЕЛТА маалымат агенттиги ШКУнун жаңы этапка өтүшү жана Беларустун уюмдагы практикалык кызыкчылыктары тууралуу жазды.
Өзбекстандын UzA маалымат агенттиги өзүнүн аналитикалык басылмасын “Бишкек вертикалы” деп атап, саммитти уюмдун мааракесин конкреттүү экономикалык демилгелерге айландыруу үчүн аянтча катары сунуштады. Ал эми «The Astana Times» гезити Бишкек декларациясына, аймактык коопсуздук маселелерине, валюталык эсептешүүлөргө жана глобалдык туруксуздукка талдоо жүргүздү.

Ошондой эле Казакстандын Qazinform агенттиги, Индиянын ЖМКлары, Тажикстандын маалымат агенттиктери, Reuters, TRT World жана башка эл аралык ЖМКлар Кыргызстандын ШКУга төрагалык кылган мезгилдеги олуттуу иштерин, уюмдун биримдигин чыңдоо аракетин жана саммиттин ийгиликтүү өтүшүн жогору баалап, маалымат беришти.
Беларустун BELTA маалымат агенттиги Александр Лукашенконун сапары тууралуу жөн гана протоколдук маалымат менен чектелбестен, “ШКУ жаңы этапка кирди: Бишкектеги юбилейлик саммит Беларус үчүн эмнени билдирет?” деген өзүнчө аналитикалык макаланын алкагында Бишкекти ШКУнун 25 жылдык өнүгүүсүнө баа берип, уюмдун келечектеги күн тартибин аныктаган аянтча катары сыпаттады. Тажикстандык маалымат агенттиги Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалап, Садыр Жапаровго салттуу меймандостугу жана саммиттин жогорку деңгээлде уюштурулгандыгын белгилешти.

Ошондой эле ШКУнун саммитине удаа ачылышы болгон VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары да Кыргызстан үчүн жакшы имидж жаратканын баса белгилешти. Дүйнөлүк көчмөндөр оюнун уюштуруучу катары Кыргызстан ушуну менен төртүнчү ирет эл аралык мелдешти өткөрүп жатат. Алгачкы ирет 2014-жылы башталган көчмөндөр оюну Бириккен Улуттар Уюму тарабынан маданияттар аралык диалог жана туруктуу өнүгүүнү талкуулоо аянтчасы катары таанылып, дүйнөлүк коомчулукта “Көчмөндөр Олимпиадасы” деп аталганы бекеринен эмес. Анан албетте, VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын ачылыш аземине Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө жана өнөктөш мамлекеттердин башчылары катышы дүйнөлүк жалпыга маалымдоо каражаттарынын маанилүү кабарларынын бири болуп калды.

Шекербек Калыков

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X