«Бишкек» ЭЭАсынын резиденттерин көчүрүү маселеси талкууланды
Бүгүн, 19-февралда Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин башчысы Равшанбек Сабиров министрликтердин, ведомстволордун өкүлдөрү жана «Бишкек» эркин экономикалык аймагынын субъекттери менен жыйын өткөрдү.
Кеңешмеде «Бишкек» ЭЭАсынын резиденттерин жаңы аймакка көчүрүү, аларды инженердик жана транспорттук инфраструктура менен камсыз кылуу, ошондой эле ишмердүүлүгүн үзгүлтүксүз улантууга шарт түзүү маселелери каралды.
Равшанбек Сабиров көчүрүү процесси ачык-айкын жана этап-этабы менен жүргүзүлөрүн белгилеп, мамлекет инвесторлор үчүн заманбап инфраструктура жана ыңгайлуу шарттарды түзүүгө кызыкдар экенин айтты.
Жыйында мамлекеттик органдардын аракеттерин координациялоо, мүмкүн болгон тобокелдиктерди азайтуу жана уюштуруучулук иштерди так жүргүзүү боюнча макулдашылган чечимдер кабыл алынды. Көчүрүү процессинин кийинки кадамдары аныкталып, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо негизги милдет катары белгиленди.