"Эркин-Тоо"

Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы болуп өттү

17-ноябрь күнү  Бишкек шаарындагы Токтогул Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында биринчи Бишкек эл аралык кинофестивалынын расмий ачылышы болуп өттү.

Түрк дүйнөсүнүн залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун 95 жылдык мааракесине арналган эл аралык кинофестивалдын ачылыш аземине КР Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров, КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясатынын министри Алтынбек Максүтов, Испания, Россия, Швецария, Германия, Шри Ланка, Ливия, Болгария, Өзбекстан, Түркия ж.б. өлкөлөрдүн кино жаатындагы өкүлдөрү жана Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги катышты. Алгачкы жолу өткөрүлүп жаткан эл аралык ири фестивалдын ардактуу коногу залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун “Делбирим” повести боюнча Түркияда тартылган “Кызыл жоолук жалжалым” тасмасында баш каармандын ролун ойногон актриса Түркан Шорай болду.

Кыргыз-Түрк “Манас” университети тарабынан  конок өлкө катары Түркиянын кино жумалыгынын гала программасы  өткөрүлдү

2023-жылдын 18-ноябрында “Манас” университетинин Конгресс жана маданият борборунда Бишкек эл аралык кинофестивалынын алкагында “Конок өлкө Түрк тасмалары жумалыгынын” ачылыш салтанатынын гала программасын өткөрдү. Түркия күнүнүн жана кино жумалыгынын ачылыш аземинин гала программасы КР Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары  Тимурлан Ажымалиев, Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам, Түркия Республикасынын Кыргызстандагы элчиси Ахмет Садык Доган, Азербайжандын Кыргызстандагы элчиси Латиф Сейфаддин оглы Гандилов, Түндүк Кипр Түрк Республикасынын Кыргызстандагы өкүлү Мехмет Давулжу,  АК партиянын Стамбул депутаты, “Буудай даанасы” тасмасынын продюсери Серкан Байрам, 26-27-чакырылыштагы Орду эл өкүлү, “Йерли Дүшүнже” коомунун башкы директору Метин Гюндогду, фестивалдын калыстар тобунун төрагасы Семих Капланоглу,  түркиялык белгилүү актриса, сценарист, режиссер Түркан Шорай, Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин жетекчилиги, профессордук-окутуучулук курамы, фестивалдын катышуучулары, көптөгөн кино жана басма сөз коомчулугунун катышуусу менен өткөрүлдү.

Иш-чара “Түркан Шорай” аттуу биографиялык тасманы көрүүчүлөргө тартуулоо менен уланып, андан соң актриса Түркан Шорай алгачкы ирет Кыргызстанга келгенде улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов менен чыгармасчыл жолугушуусун  баяндаган “Кыргыз жергесинде ностальгия” тасмасы көрсөтүлдү.

Түркан Шорайга “Манас” университетине — 25 жыл” төш белгиси ыйгарылды

Белгилүү актриса Түркан Шорайга “Манас” университетине — 25 жыл” төш белгиси ыйгарылды. Төш белгини ректор, профессор Алпаслан Жейлан тапшырды. Өз сөзүндө Түркан Шорай “Манас” университетине келгенине кубанычта экенин, мындай жогорку баага татыктуу болуу сыймыктандырганын айтып, ыраазычылык билдирди. Экинчи жолу кыргыз жергесине келген Түркан Шорай университетте Айтматовдун рухун кайрадан жашатып жатышканын кубануу менен белгилеп, залкар жазуучунун чыгармасынын негизинде тартылган тасмада роль алуу чоң сыймык экенин айтты.

Боордош элдин тарыхын жана маданиятын тааныткан иш-чара

Өз сөзүндө “Манас” университетинин биринчи проректору, э.и.к. Бактыгүл Каламбекова буларга токтолду: “Убагында дүйнөгө таанылган кыргыз кереметинин жанданышына “Манас” университети да салым кошуп жатат. Окуу жайыбызда кереметти жараткан улуу инсандардын, залкарлардын жанында иштеп, чогуу жүргөн өнөктөш, тарапташ болгон, киноискусство бөлүмүн түптөгөн адамдар эмгектенишет. Жогорку квалификациялуу адистердин өсүп чыгышына окутуучуларыбыздын салымы чоң”,- деди.

Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин биринчи орун басары Тимурлан Ажымалиев Бишкек эл аралык кинофестивалдын маанилүү бөлүгү конок өлкө катары чакырылган Түркия кино жумалыгы экенин айтып, кыргыз эли түрк тасмалары аркылуу боордош элдин тарыхын. маданиятын таанууга мүмкүнчүлүк берерин баса белгиледи. Өз сөзүндө министрдин биринчи орун басары эки өлкөнүн кино тармагындагы өкүлдөрүнүн кызматашуусун да арттырарын белгилеп, фестивалдын уюштурууга салым кошкон тараптарга ыраазычылык билдирди.

Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин орун басары, доцент Сердар Чам “Конок өлкө Түркия кино жумалыгынын” алкагында “Акыркы кечки тамак” аттуу тасмасы көрсөтүлөрүн белгилеп, тасмада өтмүштүн азаптарын сезүүнүн маанилүүлүгүнө көңүл бурду. Министрдин орун басары, доцент Сердар Чам түрк мамлекеттеринин орток баалуулуктарын баса белгилеп, түрк дүйнөсү биримдик менен күчтүү болорун билдирди. Ошондой эле XXI кылымдын Түркияда да, түрк дүйнөсүндө да маанилүүлүгүн белгилеп искусствонун күчүнө токтолду.

Иш-чарада 26-27-чакырылыштагы Орду эл өкүлү, “Йерли Дүшүнже” коомунун башкы директору Метин Гюндогду Бишкек эл аралык кинофестивалдын алкагында өткөрүлгөн “Конок өлкө Түркия кино жумалыгынын” маанилүүлүгүнө токтолуп, түрк киносу жараткан ийгиликтер тууралуу сөз кылып, өз кезегинде актер, актриса жана режиссерлорго ыраазычылык билдирди.

Түркия күнүнүн жана кино жумалыгынын ачылыш тасмасы — “Акыркы кечки тамак”

Эл аралык кинофестиваль Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министрлигинин салымы, ошондой эле Түркия Республикасынын Бишкек элчилиги, ТИКА, Юнус Эмре институту жана “Йерли Дүшүнже” коомунун колдоолору менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу кинематография департаменти жана  Кыргыз-Түрк “Манас” университети менен кызматташуунун алкагында  өткөрүлгөн кинофестиваль үстүбүздөгү жылдын 27-октябрында экранга чыккан Левент Онандын “Акыркы кечки тамак” аттуу тасмасынын коштоосунда өттү.