Бишкек электр тармактар ишканасына жаңы жетекчи дайындалды

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126

Улан Джабуев «КУЭТ» ААКтын филиалы – Бишкек электр тармактар ишканасынын директорунун милдетин убактылуу аткаруучу болуп дайындалды.

Тиешелүү буйрукка «Кыргызстан улуттук электр тармагы» ААКтын башкы директору Илгиз Сыдыгалиев кол койгон.

Жаңы дайындалган жетекчини жамаатка «КУЭТ» ААКтын башкы директорунун капиталдык курулуш жана инвестициялар боюнча орун басары Искандер Адиев тааныштырды.

Ишкананын жамааты Улан Джабуевди жаңы кызматы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.

21-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 126
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X