Бишкек: Инвестициялык багыт боюнча форум өтүүдө

15-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52

Бүгүн, 15-декабрда, Бишкектеги Президенттин мамлекеттик резиденциясында «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес» аталышындагы форум өтүүдө. Иш-чараны Президентке караштуу Инвестициялар боюнча улуттук агенттик уюштурууда.

Форумга инвестиция тартууга жооптуу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү бийликтин, эл аралык уюмдардын, банк секторунун жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү катышууда. Анын расмий ачылышында Министрлер Кабинетинин Төрагасы — Президенттик Администрациянын жетекчиси Адылбек Касымалиев сөз сүйлөп, иш-чара мамлекеттик органдар менен бизнес-коомчулуктун ортосундагы конструктивдүү диалогду чыңдоодо маанилүү экенин белгиледи.

Форум мамлекеттик инвестициялык саясаттын актуалдуу багыттарын талкуулоого, ошондой эле мамлекет, бизнес жана эл аралык өнөктөштөр ортосунда ачык диалог түзүүгө багытталган. Анда инвестициялык климатты жакшыртуу, мамлекеттик-жеке өнөктөштүктү өнүктүрүү жана реформаларды макулдашылган негизде жүргүзүү маселелери каралууда.

Инвестициялар боюнча улуттук агенттиктин директору Равшанбек Сабиров билдиргендей, Кыргызстанда инвесторлор үчүн заманбап укуктук база түзүлгөн. Анын айтымында, 2025-жылдын август айында кабыл алынган «Инвестициялар жөнүндө» жана «Мамлекеттик-жеке өнөктөштүк жөнүндө» мыйзамдар инвестицияларды коргоого кепилдик берет.

Иш-чаранын жыйынтыгы боюнча резолюция кабыл алынат. Форумдун Кыргызстанга инвестиция тартуу боюнча туруктуу диалогдук аянтча катары жаңы мүмкүнчүлүктөргө эшик ачары белгиленүүдө.

15-декабрь, 2025-ж. / Редакция / Жаңылыктар 52
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X