Бишкек–“Манас” аба майданы жолуна 4,5 чакырымдык тосмо орнотулат

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17

Бишкек шаарынан “Манас” эл аралык аба майданына кеткен жолго жалюзи тибиндеги тосмо орнотуу пландалууда.

Маалыматка ылайык, долбоорго 391,6 млн сом сарптоо каралган. Тосмону орнотуу иштери Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) жыйынына жана Көчмөндөрдүн дүйнөлүк VI оюндарына даярдык көрүү алкагында жүргүзүлөт.

Долбоор боюнча тосмонун жалпы узундугу 4,5 чакырымдан ашат. Ал Бишкек шаарындагы Рыскулов көчөсүнөн башталып, Достук айылына чейин созулат.

Белгиленгендей, карта болжолдуу мүнөзгө ээ жана иштер белгиленген тилкенин алкагында этап-этабы менен ишке ашырылат.

3-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 17
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X