Бишкек менен Чанша «акылдуу шаар» технологиялары боюнча кызматташат
Бишкек шаарында Кытай Эл Республикасынын Чанша шаарынын делегациясы менен жолугушуу өтүп, шаарлар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маселелери талкууланды.
Жолугушууга Бишкек шаарынын мэринин биринчи орун басары Кубанычбек Иманалиев, шаардык чарба департаментинин өкүлдөрү жана Чанша шаарынын Элдик өкмөтүнүн Тышкы иштер боюнча канцеляриясынын директорунун орун басары Дуань Хайбо баштаган делегация катышты.
Кубанычбек Иманалиев Бишкек шаары эл аралык байланыштарды кеңейтүүгө кызыкдар экенин белгилеп, боордош шаарлар мамилесин түзүү эки тараптуу достук байланыштарды чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга өбөлгө болорун айтты.
Чанша шаарынын өкүлдөрү Бишкекте акыркы жылдары болуп жаткан өзгөрүүлөрдү белгилеп, шаардык инфраструктураны өнүктүрүү жана борбор калааны көрктөндүрүү багытындагы иштерге оң баа беришти. Алар узак мөөнөттүү кызматташтыкты өнүктүрүүгө даяр экенин билдиришти.
Жолугушууда шаардык чарбаны өнүктүрүү, жашылдандыруу, айлана-чөйрөнү коргоо, муниципалдык башкарууну санариптештирүү жана «акылдуу шаар» технологияларын киргизүү багыттары талкууланды.
Ошондой эле тараптар шаардык инфраструктураны өнүктүрүү, инвестиция тартуу жана тажрыйба алмашуу боюнча кызматташтыктын келечегин карашты.
Жыйынтыгында Бишкек менен Чанша шаарларынын ортосунда боордоштук байланыштарды түзүү жана өз ара кызыкчылык жараткан багыттар боюнча кызматташууну кеңейтүү боюнча мындан аркы аракеттерди улантуу макулдашылды.