Бишкек менен Чүйдө катуу шамал күтүлүүдө. ӨКМ сак болууга чакырды

17-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 107

Бишкек шаарында жана Чүй өрөөнүндө жакынкы бир саат аралыгында жана кечинде катуу шамал болушу күтүлүүдө. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалыматка ылайык, шамалдын ылдамдыгы секундасына 15–20 метрге чейин жетиши мүмкүн.

ӨКМ жарандарды коопсуздук чараларын сактоого чакырып, шамал күчөгөн учурда мүмкүн болушунча коопсуз жайларда болууну эскертти. Ошондой эле бак-дарактардан, жеңил конструкциялардан жана башка кооптуу объектилерден алыс болуу сунуштайт.

 

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X