Бишкек менен Кытайдын Санья шаарынын ортосунда түз авиакаттам ачылат
Бишкек менен Кытайдын Хайнань аралындагы Санья курорттук шаарынын ортосунда түз авиакаттам ачуу пландалууда.
Бул маселе боюнча жумушчу жолугушуу Хайнань аралынын Хайкоу шаарында өттү. Сүйлөшүүлөрдө Санья — Бишкек — Санья багытындагы каттамды ишке киргизүү маселеси талкууланды.
«Кыргызстан аэропорттору» ААК маалымдагандай, жаңы каттамды 2026–2027-жылдардагы кышкы туристтик сезондо ачуу пландалууда.
Жолугушууга кыргыз тараптан «Кыргызстан аэропортторунун» коммерциялык директору Аман Мамаев катышты. Иш-чара Кыргызстандын Кытайдагы элчилигинин жана Кыргызстандагы ШКУ өлкөлөрү үчүн долбоордук коштоо боюнча региондук борбордун колдоосу менен уюштурулган.
Кытай тараптан Хайнань провинциясынын партиялык комитетинин катчысы Фэнь Фэй баштаган делегация катышты.
Санья — Хайнань аралынын түштүгүндө жайгашкан Кытайдын белгилүү туристтик шаарларынын бири. Шаар тропикалык климаты, деңиз жээгиндеги курорттору жана пляждары менен таанымал.
Түз каттамдын ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы туристтик байланыштарды кеңейтүүгө мүмкүнчүлүк берет.