Бишкек мэри №151 контурдагы жер тилкелер боюнча жарандар менен жолукту
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев бүгүн, 11-августта, №151 контурдагы жер тилкелерине байланыштуу маселени көтөргөн жарандар менен жолукту.
Жарандар өздөрүнө таандык жерлерге турак жай курууга уруксат берүү маселесин чечүүгө көмөк көрсөтүүнү суранышты. Мэр мамлекеттик актыларды жараксыз деп таануу же жер тилкелерин алып коюу маселеси каралбай турганын билдирди.
«Эч ким сиздердин жер тилкелериңиздерди алып коёюн деген жок. Жерге болгон мамлекеттик актыларыңызды алып коюу боюнча эч кандай планыбыз жок», — деди Айбек Джунушалиев.
Анын айтымында, негизги маселе — жер тилкелеринин функционалдык багытын мыйзам талаптарына ылайык аныктоо. Учурда №151 контурдагы жерлер айыл чарба багытындагы жерлерге кирет жана Бишкектин 2050-жылга чейинки Башкы планында бул аймак үчүн функционалдык зоналаштыруу аныктала элек. Ошондуктан учурдагы максаттуу багыты турак жай курууга жол бербейт.
Мэр аймакты функционалдык зоналаштыруу маселесин карап, анын ичинде көп кабаттуу турак жай куруу мүмкүнчүлүгүн да эске алууну сунуштады.
Жолугушуунун жыйынтыгында Бишкек шаар куруу жана архитектура башкы башкармалыгына аймакты функционалдык зоналаштыруу боюнча сунуштарды даярдап, Министрлер Кабинетинин тиешелүү чечиминин долбоорун иштеп чыгуу боюнча сунуш киргизүү тапшырылды.
Ошол эле учурда мэр тиешелүү чечим кабыл алынганга чейин жарандарды уруксатсыз курулуш иштерин баштабоого чакырды. Мыйзамсыз курулуштар аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүлөт.