Бишкек мэри 100 жаштан ашкан шаар тургундарын куттуктады
Бүгүн, 1-октябрь — Эл аралык карылар күнүндө Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы 100 жашка чыккан жана андан улуу тургундардан кабар алды.
Мэр узак өмүр сүргөн шаар тургундарын майрамы менен куттуктап, аларга бекем ден соолук, бакубат жашоо, үй-бүлөлүк жылуулук жана узак өмүр каалады.
Куттуктоо алкагында 107 жаштагы Сөкөн Үсөновага жана 100 жаштагы Лидия Зазулинага мөмө-жемиш салынган себеттер жана улуттук азык-түлүктөрдүн топтомдору тапшырылды. Ошондой эле узак жашаган шаар тургундарына каралган акчалай каражаттар почта бөлүмдөрү аркылуу которулду.
Сөкөн Үсөнова — Бишкектеги эң узак жашаган тургун. 107 жаштагы апа өмүр бою үй-бүлөлүк каада-салттарды сактап, бүгүнкү күндө балдарынын, неберелеринин жана чөбөрөлөрүнүн беш мууну менен бирге жашап келет.
Ал эми Лидия Зазулина быйыл 100 жашка толду. Кылымдык маараке — эмгекке, окуяларга жана үй-бүлөлүк тарыхка бай бүтүндөй бир өмүрдүн белгиси.
Жолугушуунун соңунда каармандар көрсөтүлгөн көңүл буруу жана камкордук үчүн шаар жетекчилигине ыраазычылыгын билдирип, жакшы каалоо-тилектерин жолдошту.