Бишкек мэри борбор калаадагы ири инфраструктуралык долбоорлордун жүрүшүн текшерди

26-июнь, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 198

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаада ишке ашырылып жаткан курулуш жана реконструкция долбоорлорунун жүрүшү менен жеринен таанышты.

Иш сапардын алкагында шаар башчысы Жибек-Жолу проспектисинде курулуп жаткан диаметри 600 мм болгон жаңы канализациялык коллектордун курулушун көрүп чыкты. Долбоор инженердик тармактардагы жүктөмдү азайтып, алардын өткөрүмдүүлүгүн жогорулатууга багытталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө мэр подряддык уюмдарга курулуш иштеринин темпин күчөтүп, кошумча техникалык жана адам ресурстарын тартууну, ошондой эле өндүрүш процессинин үзгүлтүксүз жүрүшүн камсыздоону тапшырды.Возможно, это изображение один или несколько человек

Андан соң Айбек Джунушалиев «Тазалык» муниципалдык ишканасы үчүн курулуп жаткан жаңы өндүрүштүк базага барып, мекеменин аймагындагы объектилерди натыйжалуу жайгаштыруу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.

Ошондой эле шаар мэри Жаш Гвардия бульварынын Ж. Бөкөнбаев көчөсүнөн Жибек-Жолу проспектисине чейинки бөлүгүндөгү реконструкция иштеринин жүрүшүн текшерди. Учурда объектте инженердик тармактарды куруу, таман таштарды төшөө, бордюрларды орнотуу, сугат тутумун монтаждоо жана аймакты көрктөндүрүү иштери уланууда.

Лев Толстой көчөсү менен Жаш Гвардия бульварынын кесилишиндеги транспорттук түйүндө жүргүзүлүп жаткан иштер менен таанышкан мэр курулушту белгиленген мөөнөттө бүтүрүүнү, ошондой эле көпүрөнүн гранит элементтерин сактап калуу менен анын мозаикалык жасалгасын жаңылоо боюнча сунуштарды иштеп чыгууну тапшырды.Возможно, это изображение один или несколько человек

Мындан тышкары, Айбек Джунушалиев реконструкциялоо пландалып жаткан «Бишкекшаарлифт» муниципалдык ишканасынын базасына барып, Жеңиш аянтындагы жаңы муниципалдык унаа токтотуучу жайдын иши менен таанышты. Учурда аталган жайда саатына төлөө системасы сыноо режиминде иштеп жатат. Шаар башчысы коопсуздукту күчөтүү максатында кошумча видеобайкоо камераларын орнотууну тапшырды.

Текшерүүнүн жыйынтыгында Бишкек шаарынын мэри бардык инфраструктуралык долбоорлорду белгиленген мөөнөттө жана сапаттуу бүткөрүү шаарды өнүктүрүүдөгү негизги артыкчылыктардын бири экенин белгиледи.

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X