Бишкек мэри Фучик көчөсүндөгү үйлөрдүн тургундары менен жолукту
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Фучик көчөсүндөгү авариялык абалдагы №18, 20 жана 22-үйлөрдүн тургундары менен кайрадан жолукту. Жолугушуунун жүрүшүндө мэр тургундар турак жай маселеси боюнча мындан аркы чечимди өз ара макулдашышы керектигин белгиледи.
«Сиздер алгач өз ара кеңешип, батирлерди МИК аркылуу алууну каалайсыздарбы же үйлөрдү оңдоп, талапка ылайык абалга келтирүүнү тандайсыздарбы – ошону тактап алышыңыздар керек», – деди Айбек Джунушалиев.
Тургундар бардык менчик ээлери менен кеңешкенден кийин жазуу жүзүндө жооп берерин билдиришти.
Мэр өз сөзүндө тургундарды колдоо максатында гана жолугушуу уюштурулганын белгилеп, менчик укуктарын сыйлоону убада кылды: «Сиздер өзүңүздөр Президентке кайрылгансыздар, ошондуктан биз жардам берүү үчүн келдик. Биздин максат – сиздердин коопсуздугуңуздар. Биз сиздердин менчигиңиздерге кол салбайбыз жана чечим кабыл алууга мажбурлабайбыз».
Буга чейин менчик ээлерине МИК аркылуу жеңилдетилген төлөм менен батир алуу мүмкүнчүлүгү сунушталган. Ошондой эле мүлктү баалоо, ар бир менчик ээси менен жекече иш алып баруу жана келишимдерди түзүү пландалган.