Бишкек мэри мыйзамсыз курулуштар боюнча катуу эскертүү берди

11-май, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 137

Бишкек шаарында 2025-жылдын башынан бери 9 миңден ашуун мыйзамсыз объект демонтаждалды. Бул тууралуу шаар мэри Айбек Жунушалиев 11-майдагы эл менен болгон жолугушууда  билдирди.

Ошондой эле биринчи кварталда эле 2,5 миңдей мыйзамсыз курулуш бузулганын, мыйзамсыз экени аныкталган бардык объектилерге карата чара көрүлөрүн белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Жолугушууда Аламүдүн кичи районундагы Ауэзов көчөсүндөгү 24 күркөнүн ээлеринин өкүлү чыгып, мэрия мурда берген убадалар аткарылбай калганын айтып нааразы болду. Ал айрым мыйзамсыз объектилер бузулбай, тандалма мамиле жасалып жатканын билдирди.

Нет описания фото.

Ал эми Айбек Жунушалиев шаарда “өз жана өзгө” деген түшүнүк жок экенин айтып, мыйзам бузган ар бир жаран жооп берерин белгиледи.Возможно, это изображение один или несколько человек, толпа и текст

Учурда Бишкек жана Ош шаарларында “кызыл сызыкка” чыгып кеткен жана мыйзамсыз курулган объектилерди алуу иштери уланууда.

Возможно, это изображение один или несколько человек и костюм

Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X