Бишкек мэри «Олд Бишкектеги» демонтажды эки жумада бүтүрүүнү талап кылды
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев «Олд Бишкек» соода комплексинин аймагындагы курулуш жана көрктөндүрүү иштеринин жүрүшү менен жеринен таанышып, долбоордун өкүлдөрү менен жолугушту.
Текшерүү маалында соода түйүндөрүндө жашы жете элек өспүрүмдөр эмгекке тартылганы аныкталган. Буга байланыштуу шаар башчысы Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигине караштуу тиешелүү кызматка эмгек мыйзамдарынын сакталышын текшерүүнү тапшырды.
Мэр өзгөчө Чүй проспектиси менен Байтик баатыр көчөсүнүн кесилишиндеги объектте создугуп жаткан демонтаж иштерине көңүл бурду. Анын айтымында, соода түйүндөрү ишин баштаганына карабастан, инвестор шаар алдында алган милдеттенмелерин ушул күнгө чейин аткара элек.
Жыйынтыгында Бишкек мэриясынын Жер пайдаланууну контролдоо боюнча башкармалыгына демонтаж иштерин аяктоо үчүн эки жумалык мөөнөт берүү тапшырылды. Инвесторго кошумча жумушчу күчтөрдү тартып, демонтажды тездетүү жана аймакты толук көрктөндүрүү милдети жүктөлдү.
Эгерде коюлган талаптар белгиленген мөөнөттө аткарылбаса, аталган өтмөктө жайгашкан бардык соода түйүндөрүнүн ишмердүүлүгүн токтотуу маселеси каралары эскертилди.
«Шаардын алдында алган милдеттенмелериңиздерди аткарбай туруп, ишкердик жүргүзүп жатасыздар», — деди Айбек Джунушалиев.
Мындан тышкары, жолугушууда «Берен Голд» имаратынын фасадын реконструкциялоо иштери да талкууланды. Мэр анын айланасындагы соода объекттерин бирдиктүү архитектуралык көрүнүшкө келтирүүнү, ошондой эле уруксат берүүчү документтери жок объекттердин укуктук макамын мыйзамдаштырып, жер тилкелерин муниципалдык менчикке өткөрүү жана ижара келишимдерин мыйзам чегинде түзүү боюнча тапшырма берди.
Жолугушууда LAVR Development компаниясы ЦУМдан Абдрахманов көчөсүнө чейинки коомдук мейкиндикти жаңылоо долбоорун сунуштады. Долбоордо тарыхый фонтанды баштапкы архитектуралык стилин сактоо менен реконструкциялоо, жөө жүргүнчүлөр үчүн ыңгайлуу аймак түзүү, отургучтарды орнотуу жана жашылдандыруу иштерин жүргүзүү каралган.
Ошондой эле жер алдындагы өтмөккө түшүүчү эскалаторлор жайгашкан атриум гана сакталып, калган бардык курулуштарды демонтаждап, аймакты ачык коомдук мейкиндикке айландыруу сунушталды.
Мындан сырткары, компания Шопоков көчөсүн көрктөндүрүү концепциясын да тааныштырды. Анда жер алдындагы көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жай курулуп, автоунаалар менен жөө жүргүнчүлөрдүн кыймылы өз-өзүнчө уюштурулары белгиленген.
Долбоордун алкагында көчөдө «Даңк аллеясын» түзүү да пландалууда. Анын алкагында кадимки жарык мамыларынын ордуна белгилүү инсандардын ысымдары жазылган декоративдүү жарык конструкциялары орнотулат.