Бишкек мэри жолдор менен социалдык объектилердин курулушун текшерди

6-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 112
Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев борбор калаадагы жолдордун жана социалдык объектилердин курулушу менен оңдоо иштеринин жүрүшүн жеринен текшерди.

Жумушчу сапардын жүрүшүндө №57 жана №58 мектептер, №131 бала бакча, Жаш Гвардия бульвары менен Шабдан Баатыр көчөсүндөгү жаңы транспорттук түйүн, ошондой эле Ала-Арча, Муром, Магистралдык жана Иманалиев көчөлөрүндөгү курулуштар каралды.

Шаар башчысы курулуш иштеринин сапатын жогорулатуу, белгиленген мөөнөттөрдү сактоо, жумуштун темпин күчөтүү жана балдардын коопсуздугун камсыздоо боюнча тиешелүү кызматтарга бир катар тапшырмаларды берди. Ошондой эле мыйзамсыз курулуштарды көзөмөлгө алып, шаарды көрктөндүрүү иштерин комплекстүү жүргүзүү зарылдыгын белгиледи.

6-август, 2026-ж. / Редакция / Коом 112
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X