Бишкек мэриясы: балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл буруңуздар

8-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Бишкек шаарынын мэриясы ата-энелерге жана мыйзамдуу өкүлдөргө балдардын жана өспүрүмдөрдүн коопсуздугун күчөтүүгө чакырат. Бул тууралуу мэрия кабарлады.

Аба ырайынын жакшырышына байланыштуу балдар жана өспүрүмдөр көчөдө көбүрөөк убакыт өткөрөт. Ошондуктан алардын коопсуздугуна, айрыкча көчөдө ойноп жаткан учурда, өзгөчө көңүл буруу зарыл.

Айрыкча жаш балдар үчүн унаа жолунун боюнда ойноо кооптуу. Ата-энелер балдарга жол коопсуздугунун эрежелерин түшүндүрүп, жолдо жана транспорт кыймылынын жанында ойноого жол бербеши керек. Мүмкүн болушунча балдарды сейилдөө учурунда коштоп жүрүү сунушталат.

Мындан тышкары, балдардын электр шаймандарын жана тиричилик техникасын колдонуууна көзөмөл коюу маанилүү. Аларга электр энергиясын коопсуз пайдалануунун эрежелерин үйрөтүп, күйгүзүлгөн шаймандарды көзөмөлсүз калтырбоо зарыл.

Ошондой эле жашы жете элек өспүрүмдөр арасында укук бузуулардын алдын алуу маанилүү. Ата-энелер балдардын чөйрөсүнө кызыгуу көрсөтүп, кооптуу оюндарга жана мыйзамсыз аракеттерге катышууга жол бербестигин түшүндүрүшү керек. Мындан тышкары, жашы жете элек балдарды түнкүсүн чоңдордун коштоосу жок коомдук жайларда жүрүүсүн чектөө сунушталат. Эске салсак, жашы жете электерге саат 22:00дөн кийин ата-энелердин коштоосу жок коомдук жайларда болууга тыюу салынат.

Бишкек шаарынын мэриясы балдарга көңүл бурууну, коопсуздук эрежелерин дайыма эскертип турууну жана биргелешкен аракеттер менен алардын коопсуздугун камсыз кылууну өтүнөт.

8-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X