Бишкек мэриясы таштандыны 18:00дөн кийин чыгарууга чакырды

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91

Бишкек шаарынын Мэриясы тургундарды тиричилик таштандысын саат 18:00дөн 00:00гө чейин чыгарууга чакырды.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындай тартип күндүз таштанды контейнерлеринин ашыкча толуп кетишин алдын алып, жагымсыз жыттын таралышын азайтууга жана контейнер аянтчаларындагы тазалыкты сактоого мүмкүндүк берет.

Ошондой эле күндүз жолдордогу унаа кыймылынын көптүгүнөн таштанды ташуучу унаалардын иши кыйындайт. Ушундан улам катуу тиричилик калдыктарын негизинен кечки жана түнкү убакта чыгаруу уюштурулган.

Мэрия тургундар сунушталган убакытты сактап, таштандыны кечки сааттарда чыгарса, коммуналдык кызматтар контейнерлерди өз убагында бошотуп, шаардагы санитардык абалды талаптагыдай деңгээлде кармай аларын белгиледи.

8-июль, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 91
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X