Бишкек шаардык мэриясы сегиз метрлик 625 автобус сатып алууну пландап жатат. Бул тууралуу мэрдин орун басары Рамиз Алиев 18-майда Жогорку Кеңештин Өнөр-жай саясаты, транспорт, отун-энергетикалык комплекс, архитектура жана курулуш комитетинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, жаңы автобустар быйыл күзүндө алынып келинип, негизинен жаңы конуштардагы каттамдарга бөлүнөт. Вице-мэр муну жаңы конуштардагы жолдордун тар жана кууш болушу менен түшүндүрдү.
“Жаңы конуштарда 10-12 метрлик чоң автобустардын жүрүшү кыйын болуп жатат. Ошондуктан сегиз метрлик автобустар каттамдарды жакшыртууга ылайыктуу болот”, — деди Рамиз Алиев.
Жыйын учурунда вице-мэр борбор калаадагы жол кыймылынын абалы боюнча да маалымат берди. Бишкекте 455 миң автоунаа катталганына карабастан, күн сайын шаардын көчөлөрүндө 700 миңден ашуун унаа жүрөт. Ошол эле учурда шаар жолдору 350 миң автоунаага гана ылайыкталып курулган.
Мындан тышкары, учурда шаар ичинде күн сайын 1 567 автобус жана электробус каттамга чыгууда.