Бишкек мэриясы жер мунапысы боюнча иштердин жүрүшү тууралуу маалымат берди
Бишкек шаарында жер мунапысы боюнча иштер активдүү жүргүзүлүүдө. Бул иштер шаар мэри Айбек Джунушалиевдин тапшырмасынын алкагында ишке ашырылып жатат.
Бишкек шаарынын мэриясынын Жеке турак жай курулуш жана шаар куруу департаменти райондук администрациялар жана тиешелүү мамлекеттик органдар менен биргеликте жер мунапысына кирген объектилерди кароо иштерин улантууда.
Маалыматка ылайык, Ленин районунда жалпы 398 материал каралган. Анын ичинен 91 материал боюнча коомдук талкууга чыгаруу чечими кабыл алынса, дагы 78 материал тиешелүү корутунду алуу үчүн Бишкек башкы архитектура жана шаар куруу башкармалыгына жөнөтүлгөн.
Калган арыздар боюнча мыйзам чегинде тиешелүү чечимдер кабыл алынган.
Мэриядан билдиришкендей, жер мунапысына байланыштуу иштер мындан ары да үзгүлтүксүз улантылат.