Бишкек мэриясы жетим балдарды муниципалдык турак жай менен камсыздады
Бишкек шаарында турак жайга муктаж болгон «жетим балдар» категориясындагы алты жаран муниципалдык батирлердин ачкычына ээ болду.
Ачкычтарды шаар мэри Айбек Джунушалиев тапшырып, батирлер Кыргыз Республикасынын турак жай мыйзамдарына ылайык убактылуу пайдаланууга берилгенин билдирди. Батир алган жарандардын баары райондук администрацияларда турак жай шарттарын жакшыртууга муктаж катары каттоодо турушкан.
Мэр жаңы турак жай алардын жашоосундагы маанилүү жаңы этап экенин белгилеп, муниципалитет мүмкүнчүлүктөр чектелүү болгонуна карабастан социалдык милдеттенмелерин аткарууну улантарын айтты.
Белгиленгендей, жарандарды жеткиликтүү турак жай менен камсыз кылуу мамлекеттик турак жай саясатынын негизги багыттарынын бири болуп саналат жана бул иш Мамлекеттик ипотекалык компаниянын программалары аркылуу жүзөгө ашырылууда.