Бишкек: Месароша көчөсү оңдолууда

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19

Бишкек шаардык мэриясы кабарлагандай, Месароша көчөсүндө жолду толук оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө.

Маалыматка ылайык, «Бишкекасфальтсервис» муниципалдык ишканасы Месароша көчөсүндө Фучик көчөсүнөн Профсоюз көчөсүнө чейинки тилкеде иштөөдө. Оңдолуп жаткан тилкенин жалпы узундугу 1350 метрди түзөт.

Иштердин жүрүшүндө жаңы технология — атайын техника «ресайклер» колдонулууда. Бул жол катмарынын сапатын жогорулатып, анын кызмат мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк берет.

2-апрель, 2026-ж. / Редакция / Жаңылыктар 19
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X