Бишкек-Ош унаа жолу убактылуу жабылды

25-февраль, 2021-ж. / Редакция / Коом 21

Унаа жолдогу чектөө аба ырайынын кескин өзгөрүшүнө байланыштуу болду.  Бул тууралуу Чүй облусунун Жол кыймылынын коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы маалымдады. Учурда бардык автоунаалар «Сосновка» бекетинен ары коё берилбейт. Жол коопсуздугун көзөмөлдөө кызматы зарыл жумушу жокторду тоолуу аймактарга чыкпоого чакырат.

25-февраль, 2021-ж. / Редакция / Коом 21
Бөлүшүү: Telegram WhatsApp X