Бишкек–Ош жолунда селден улам жабылган тилке кайра ачылды
Кечээ, 21-июлда Бишкек–Ош автожолунун 249-чакырымында эки ирет сел жүрүп, унаа каттамы убактылуу токтотулган.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалыматына ылайык, окуя болгон жерге атайын техника тартылып, сел суусунун нугун буруу, жолду ылай жана таштардан тазалоо иштери ыкчам жүргүзүлдү.
Кыска убакыттын ичинде жол толугу менен тазаланып, учурда Бишкек–Ош багытындагы унаалар эки тараптуу каттам менен тоскоолдуксуз жүрүп жатат.
Министрлик айдоочуларды тоолуу аймактарда жол жүрүүдө аба ырайына көңүл буруп, коопсуздук эрежелерин сактоого жана жол кызматкерлеринин талаптарын аткарууга чакырды.