Бишкек – Ош жолунун жээгинде мыйзамсыз курулуш аныкталды
Мамлекеттик архитектура-курулуш контролдоо департаментинин Жалал-Абад региондук башкармалыгы тарабынан жүргүзүлгөн текшерүүнүн жүрүшүндө Кара-Көл шаарына караштуу Көк-Бел аймагында, Бишкек – Ош автожолунун жээгинде уруксат берүүчү документтери жок курулуш жүрүп жатканы аныкталган.
Текшерүүдө объект тамактануучу жай катары Жагалмай ЖЧКсы тарабынан курулуп жатканы белгилүү болгон.
Натыйжада, компанияга 200 миң сом айып пул салынып, жазуу түрүндө эскертүү берилди. Мыйзам бузуулар толук жоюлганга чейин курулуш иштери убактылуу токтотулду.
Учурда тиешелүү органдар тарабынан мыйзам талаптарынын аткарылышын көзөмөлдөө иштери улантылууда.